Чек арадагы радиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешкен аракеттер
29.04.20250
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматында АКШнын Энергетика министрлигинин «Ядролук материалдардын контрабандасын аныктоо жана алдын алуу» программасынын жаңы өлкө менеджери Марикармен Кортес менен жолугушуу өттү.
Тараптар көп жылдык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилешти, анын алкагында Контрабанданы аныктоо жана алдын алуу программасы мамлекеттик чек арада радиациялык коопсуздукту камсыздоодо жана бажы органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууда колдоо көрсөтүүдө.
Кызматташтыктын актуалдуу жана келечектүү багыттары, анын ичинде жыл сайын өткөрүлүүчү тренингдер, жаңы стандарттарды киргизүү жана 2025-жылга карата биргелешкен иш-чараларды даярдоо талкууланды.
Мамлекеттик бажы кызматы көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады.