Грэпплинг боюнча коло медаль: МБКнын кызматкери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында байгелүү орунду ээледи

08.09.20260

4–5-сентябрь күндөрү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Nomad версиясы боюнча грэпплинг мелдеши өтүп, ага 100гө жакын спортчу катышты.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери, бажы кызматынын майору Тилебалдиев А.О. 70 кг чейинки салмак категориясында чеберлер арасында күч сынашып, коло медалына ээ болду.