Тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышуучулар жана коомчулук үчүн маалымат

20.07.202613

Мамлекеттик бажы кызматы 2026-жылдын 17-20-июль күндөрү МБКнын айрым бөлүмдөрүндө айрым маалыматтык системалардын жеткиликтүүлүгүндө кыска мөөнөттүү үзгүлтүктөр болгонун билдирет.

Себептери айрым райондордо электр энергиясы менен камсыздоодогу үзгүлтүктөр, ошондой эле интернет-провайдерлердин байланыш каналдарынын ишиндеги бузулуулар болду.

МБК убактылуу техникалык кыйынчылыктарга байланыштуу түшүнүүчүлүк менен мамиле кылгандыгы үчүн тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышуучуларга жана жарандарга ыраазычылык билдирет.

Азыркы учурда электр энергиясы жана байланыш кызматтарын көрсөтүүчүлөр менен биргеликте мындай жагдайларды мындан ары азайтуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, маалыматтык системалардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча инфраструктуралык чечимдер, анын ичинде резервдик электр энергиясы жана резервдик байланыш каналдары иштелип чыгууда.