Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ишине убактылуу чектөөлөр киргизилет
30.04.20261
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттарында убактылуу чектөөлөр киргизилгенин маалымдайт. Аталган чаралар кытай тараптын демилгеси менен киргизилүүдө.
2026-жылдын 30-апрелинен тартып:
- «Иркештам-автожол» өткөрүү пункту Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дөн тартып адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүнү убактылуу токтотот;
- «Торугарт-автожол» өткөрүү пункту Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дөн тартып ишин токтотот.
Аталган өткөрүү пункттарынын иши 2026-жылдын 2-майында саат 08:00дөн тартып кайра жандандырылары пландалууда.
«Бедель-автожол» өткөрүү пункту 2026-жылдын 1-майынан 5-майына чейин жабык болот. Пункттун иши 2026-жылдын 6-майында саат 08:00дөн тартып (Бишкек убактысы боюнча) кайра жандандырылат.
Мамлекеттик бажы кызматы тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына жана жүк ташуучуларга каттамдарды жана ташуу мөөнөттөрүн пландаштырууда бул маалыматты эске алууну сунуштайт.