Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы Евразиялык экономикалык форумда санариптик демилгелерди сунуштады

30.06.20250

2025-жылдын 26-июнунда Минск шаарында (Беларусь Республикасы) ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жана байкоочу-өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын, бизнес чөйрөсүнүн жана эксперттик коомчулугунун өкүлдөрүн бириктирген Евразия экономикалык бирлигинин жыл сайын өтүүчү негизги иш-чарасы - Евразия экономикалык форуму-2025 болуп өттү.

Форумдун алкагында Бирликтин мамлекеттеринин бажы администрацияларынын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерине арналган «Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү интеграциялык процесстер: жаңылануулар жана экономикалык артыкчылыктар» темасында панелдик сессия өттү.

Кыргыз Республикасынан бул сессияда спикер катары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Э.Р.Мамбетжунушева чыгып, «Интеграциялык процесстерди тереңдетүүдөгү заманбап санариптик технологиялардын ролу» деген темада баяндама жасады.

Ал өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын бажылык башкаруу системасында санариптик чечимдерди практикалык ишке ашыруу тууралуу кеңири айтып берди. Атап айтканда, төмөнкү маселелер камтылды:

• «Смарт Бажы» Улуттук санариптик платформасынын негизги мүмкүнчүлүктөрү;

• коңшу мамлекеттер менен маалымат алмашуу системаларын өнүктүрүү;

• трансчек аралык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө багытталган аналитикалык модулдарды жана санариптик инструменттерди киргизүү.

Мындан тышкары, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо, электрондук санариптик кол тамгаларды колдонуу, маалыматтык системалардын архитектуралык шайкештигин камсыздоо жана интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн алкагында ишенимдүү санариптик чөйрөнү түзүү маселелерине өзүнчө көңүл бурулду.

  Э.Р. Мамбетжунушева төмөнкү темаларга арналган тармактык тегерек столдордун ишине дагы катышты:

• «ЕАЭБдин транзиттик потенциалын кеңейтүүнүн негизи катары Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы өткөрүү пункттарын өнүктүрүү»;

• «Евразия экономикалык бирлигинин бажы органдарынын санариптик трансформациясы».


Кыргыз Республикасынын делегациясынын Евразиялык экономикалык форумга катышуусу ЕАЭБ алкагында өз ара кызматташууну өнүктүрүү жана тереңдетүү, ошондой эле эл аралык аянтчада улуттук санариптик чечимдерди алдыга жылдыруу багытындагы маанилүү кадам болду.