КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН БАЖЫ ОРГАНДАРЫНДА КЫЗМАТ ӨТӨӨНҮ ПЛАНДАП ЖАТАСЫЗБЫ?
15.09.20260
Мамлекеттик тилди билүү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ажырагыс талап.
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык мыйзамына ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүүгө жана кызматтык милдеттерин аткарууда аны колдонууга милдеттүү.
Ушуга байланыштуу келечекте бажы органдарына кызматка орношуу мүмкүнчүлүгүн карап жаткан жарандарга мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган «Кыргызтест» системасы боюнча сертификат алуу үчүн тестирлөөдөн өтүүнү кийинкиге калтырбоо сунушталат.
Көңүл буруңуз:
2026-жылдын 31-декабрына чейин — В1 деңгээли;
2027-жылдын 1-январынан тартып — В2 деңгээли.
Сертификатты алдын ала алуу конкурстук тандоо жарыяланып, өткөрүлүп жаткан мезгилде кошумча убаракерчиликтерди болтурбоого жана керектүү документтерди өз убагында даярдоого мүмкүндүк берет.
Маанилүү: документтерди кабыл алуунун так мөөнөттөрү, документтердин тизмеси, квалификациялык талаптар жана конкурстук тандоону өткөрүүнүн тартиби 2026-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтында кошумча жарыяланат.
Мамлекеттик бажы кызматынын расмий маалыматтарына көз салып, конкурска катышууга алдын ала даяр болуңуз!
Мамлекеттик тилди билүү — келечектеги бажы кызматынын кызматкеринин кесиптик даярдыгынын маанилүү бөлүгү.
Бүгүнкү даярдыгыңыз — эртеңки мүмкүнчүлүгүңүз!