Кыргызстанда Alpha-PVP мыйзамсыз жүгүртүүнүн эл аралык каналына бөгөт коюлду
15.09.20260
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте, Россия Федерациясынын ИИМи жана Федералдык бажы кызматынын катышуусунда Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына «Alpha-PVP» психотроптук затын мыйзамсыз ташып келүү жана сатуу боюнча эл аралык каналдын ишине бөгөт коюуга багытталган атайын операция жүргүзүлдү.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө балдар үчүн арналган электр унаасынын конструкцияларынын көңдөйлөрүнөн «Alpha-PVP» психотроптук заты салынган жалпы салмагы 1 кг брикет табылган.
Кармалган адамдын жашаган жеринде жүргүзүлгөн издөө учурунда порошок жана кристалл түрүндөгү 40 грамм зат, ошондой эле баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды таңгактоо жана жашыруун ташуу үчүн арналган буюмдар кошумча табылган.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган партияны мыйзамсыз сатууда анын баасы 4,5 млн сомдон ашмак. Жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында психотроптук заттын 4 200дөн ашык бир жолку дозасынын мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгарылышына бөгөт коюлду.
Учурда эл аралык каналдын бардык катышуучуларын аныктоого жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу башка фактыларды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
.png)

