Кызматташууну тереңдетүү жана санариптештирүү: Кыргызстан менен Кореянын бажы кызматтарынын жолугушуусу

06.04.20264

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев менен Корея Республикасынын Бажы кызматынын комиссары Мён-гу Линин ортосунда өткөн сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы практикалык кызматташууну тереңдетүү жана маалымат алмашууну кеңейтүү болду. Эки тараптуу жолугушуу Корея Республикасында өткөн Korea Customs Week 2026 иш-чарасынын алкагында уюштурулду.

Тараптар бажылык администрациялоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл санариптик чечимдерди киргизүүгө, ошондой эле интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо маселелерине бурулду. Анын ичинде контрафакттык продукцияны алып кирүүгө бөгөт коюу чаралары жана бул багыттагы кызматташууну чыңдоо маселелери каралды.

Ошондой эле бажы иштери боюнча кызматташуу жана административдик өз ара жардам көрсөтүү тууралуу макулдашуунун долбоорун илгерилетүү маселеси өзүнчө каралды. Документке ушул жылдын экинчи жарымында кол коюу күтүлүүдө жана ал эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн укуктук негизин бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Жолугушуу ишкердик жана конструктивдүү маанайда өтүп, эки өлкөнүн бажы кызматтарынын ортосундагы кызматташуунун жогорку деңгээлин тастыктады