Мамлекеттик бажы кызматы ИИМ менен биргеликте Таиланддан Кыргызстанга баңгизаттарды контрабандалык жол менен ташуу каналына бөгөт койду
22.07.20263
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түндүк темир жол бажысынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Таиланд Падышалыгынан Кыргыз Республикасына почталык жөнөтмөлөр аркылуу өзгөчө ири өлчөмдөгү каннабис тобундагы баңгизаттарды ташуу каналын уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
2026-жылдын 10-июлунда жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы почта бөлүмдөрүнөн баңгизаттарды алып чыгып бара жаткан жеринен Т.Б.О. жана Ч.Н. жарандары кармалган.
Таиланддан жөнөтүлгөн жалпы салмагы 7 килограмм 560 граммды түзгөн «марихуана» баңгизаты алынган.
Көмүскө базардагы баңгизаттын баасы 400 000 АКШ доллардан ашат. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган баңгизаттарды Казакстан Республикасына мыйзамсыз алып өтүүгө даярдап жатышканы аныкталды.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана мыйзамсыз каналдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
Видеону толук көрүү үчүң басыңыз