Мамлекеттик бажы кызматында eTIR системасын өнүктүрүү талкууланды

24.04.20261

2026-жылдын 23-апрелинде Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратында МБКнын төрагасынын биринчи орун басары Улан Ашимович Кимсановдун, Эл аралык автомобиль транспорту союзунун департаментинин жана эл аралык автомобиль транзит боюнча башкы кеңешчиси Вахтанг Зарандиянын жана Кыргыз Республикасынын эл аралык автомобиль ташуучулар ассоциациясынын ардактуу төрагасы Туркмен Боотаевдин катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Тараптар Кыргызстанда eTIR системасын өнүктүрүү маселелерин, анын ичинде бажы процесстерин эл аралык санариптик платформалар менен интеграциялоону жана ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүнү талкуулашты.

Эл аралык автомобиль транспорту союзунун жана Кыргыз Республикасынын эл аралык автомобиль ташуучулар ассоциациясынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасы бажы башкаруу тармагында инновацияларга жана эл аралык стандарттарга берилгендигин көрсөтүп жатканын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана эл аралык ташууларды натыйжалуу жүргүзүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана мындан аркы кызматташууга даярдык ырасталды.