Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча лекция өттү
13.03.20260
2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун жоболорун түшүндүрүүгө арналган лекция өттү.
Жолугушуунун спикери болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Марат Муканович Иманкулов сүйлөдү. Иш-чарага МБКнын борбордук аппаратынын жетекчилиги жана жеке курамы, ошондой эле Адистештирилген окутуу бажысынын кызматкерлери катышты.
Лекциянын жүрүшүндө Марат Иманкулов Уңгужолдун максаттары жана милдеттери тууралуу кеңири маалымат берип, анын улуттук баалуулуктарды бекемдөөдө, жарандык жоопкерчиликти өнүктүрүүдө жана мамлекеттин өнүгүүсүнүн бирдиктүү идеологиялык негизин калыптандыруудагы маанисин белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик органдардын Уңгужолдун жоболорун ишке ашыруудагы ролуна, жарандарда мекенчилдик сезимин, кыргыз элинин тарыхына жана салттарына болгон урмат-сыйды калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Спикер белгилегендей, «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Кыргызстандын улуттук өзгөчөлүгүн сактоого, коомдун руханий баалуулуктарын бекемдөөгө жана ошол эле учурда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө багытталган. Бул багытта мамлекеттик кызматкерлерге өзгөчө роль жүктөлүп, алар жоопкерчиликтин, кесипкөйлүктүн жана мамлекеттин кызыкчылыктарына берилгендиктин үлгүсү болушу керек.



