Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин спартакиадасы: алгачкы жеңүүчүлөр аныкталды
15.10.20261
2026-жылдын 15-октябрында Чолпон-Ата шаарындагы «Газпром» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде жана «Ак-Марал» эс алуу борборунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин арасында спартакиада башталды.
Спорттук мелдештерге бажы органдарынын, МБКнын Борбордук аппаратынын, бажы кызматынын ардагерлеринин, «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКтын, МБКнын Инженердик-техникалык тобунун жана МБКга караштуу «Бирдиктүү терезе» борбору мамлекеттик ишканасынын командалары катышууда.
Мелдештер спорттун сегиз түрү боюнча өткөрүлүп жатат: стол тенниси, шахмат, аркан тартыш, жээктеги волейбол, кичи футбол, гиря көтөрүү, сууда сүзүү жана бильярд.
Алгачкы мелдештердин жыйынтыгында стол тенниси, сууда сүзүү жана гиря көтөрүү боюнча жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери аныкталды.
Стол тенниси (эркектер арасында)
🥇 1-орун — Дүйшөн Айдарбек уулу, «Ош» бажысы.
🥈 2-орун — Нурсултан Топчубаев, «Жалал-Абад» бажысы.
🥉 3-орун — Канат Ибраимкулов, «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК; Нурбек Чырмашбек уулу, «Түндүк» темир жол бажысы.
Стол тенниси (аялдар арасында)
🥇 1-орун — Айым Алтынова, «Бишкек ЭЭЗ» бажысы.
🥈 2-орун — Жанара Меркибаева, Түндүк-Чыгыш бажысы.
🥉 3-орун — Эльвира Акматова, «Бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасы; Кундуз Касиева, «Манас» бажысы.
Сууда сүзүү (эркектер арасында)
🥇 1-орун — Медет Турсалиев, Бажы кызматынын төрагасынын кеңешчиси.
🥈 2-орун — Нурсултан Тилек уулу, Бажы кызматынын инженердик-техникалык тобу.
🥉 3-орун — Бектур Султанкулов, «Манас» бажысы.
Сууда сүзүү (аялдар арасында)
🥇 1-орун — Юлия Гладкова, «Бишкек ЭЭЗ» бажысы.
🥈 2-орун — Зирегүл Кадырова, «Ош» бажысы.
🥉 3-орун — Кундуз Касиева, «Манас» бажысы.
Гиря көтөрүү (эркектер арасында)
🥇 1-орун — Руслан Жээнбеков, «Ош» бажысы.
🥈 2-орун — Азат Таалайбеков, Бажы кызматынын Борбордук аппараты.
🥉 3-орун — Нурсейит Мырзакулов.
🥉 3-орун — Марат Мусуралиев, Түндүк-Чыгыш бажысы.
Гиря көтөрүү (аялдар арасында)
🥇 1-орун — Зирегүл Кадырова, «Ош» бажысы.
🥈 2-орун — Жанара Меркибаева, Түндүк-Чыгыш бажысы.
🥉 3-орун — Алтынай Тажибай кызы, «Жалал-Абад» бажысы.
🥉 3-орун — Гүлзат Усупбаева, «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК.
Спартакиада 16-октябрга чейин уланат. Экинчи күнү катышуучулар спорттун калган түрлөрү боюнча мелдештерин улантышат. Алардын жыйынтыгында жаңы жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери аныкталат.
Спартакиаданын негизги максаты — сергек жашоо образын жайылтуу, командалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, ошондой эле бажы кызматынын кызматкерлеринин жана ведомстволук уюмдардын кызматкерлеринин арасында биримдикти, достукту жана командалык ынтымакты чыңдоо.




.jpeg)

.jpeg)


.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)