МБК бажы контролундагы товарларды мыйзамсыз колдонуу фактысын аныктады

20.02.20260

КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери «Г.В.К.К.П.КО ЛТД.». ЖЧКсы тарабынан убактылуу сактоо шарттарын бузгандыгын аныктады.


2025-жылдын июль айында компанияга салмагы 38 142 кг жана баасы 41 271 доллар болгон жаак майдалагыч келип түшкөн. Товарлар классификациялык чечими чыкканга чейин убактылуу сактоого коюлуп, Казарман айылындагы алуучунун кампасында сактоого коюлган. Белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин товарлар тиешелүү бажы жол-жобосуна коюлган эмес.


2025-жылдын 30-декабрында жүргүзүлгөн текшерүү учурунда майдалагыч бажы көзөмөлүндө болгонуна карабастан чогултулуп, колдонулганы аныкталган. Тийиштүү документтер түзүлүп, Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексинин 379-беренесине ылайык кармоо протоколу түзүлгөн.


Товарларды "Ички керектөө үчүн чыгаруу" жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн бажы алымдарынын суммасы 1 500 811 сомду түздү. Материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, тийиштүү сумма өндүрүлүп алынып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине которулду.