МБК кызматкерлери радиациялык контролдоо жаатында квалификациясын жогорулатышты

03.06.20260

2026-жылдын 11-майынан 29-майын кошуп «Ош» бажысында жана «Адистештирилген окутуу» бажысында «Мамлекеттик чек аранын өткөрүү пункттарында радиациялык контроль жүргүзүү жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу» темасында окуу тренинги өткөрүлдү.
Окутуу АКШнын Энергетика министрлигинин Ядролук материалдардын контрабандасын аныктоо жана ага каршы аракеттенүү программасынын алкагында уюштурулуп, «ВМФ Групп» ЖЧКсынын эксперттери жана Адистештирилген окутуу бажысынын кызматкери тарабынан биргеликте жүргүзүлдү.
Тренингдин негизги максаты – өткөрүү пункттарында кызматкерлердин радиациялык контроль жүргүзүү жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы кесиптик билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу болду.
Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар тестирлөөдөн өтүштү, андан соң Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын 40 кызматкерине жана Мамлекеттик чек ара кызматынын 11 кызматкерине окууну ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.