МБК MDMAны мыйзамсыз ташып кирүүнүн эл аралык каналына бөгөт койду: 479 таблетка алынды

08.10.20260

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен өз ара аракеттенүүдө MDMA (экстази) психотроптук затын мыйзамсыз ташып кирүү жана сатуу боюнча эл аралык каналдын ишмердигине бөгөт койду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында М.А.А. жана А.М.Б. аттуу жарандар кармалып, алар Москва — Бишкек багыты боюнча жөнөтүлгөн почта жөнөтмөсүн алышкан.

Жөнөтмөнү текшерүү учурунда балык уулоого арналган жемдердин арасындагы металл идиштен кызгылт сары түстөгү 479 таблетка табылып, алынган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган таблеткалардын курамында MDMA психотроптук заты аныкталган.

Мындан тышкары, жүргүзүлгөн кийинки ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө зат салынган 20 түйүнчөк табылган. Учурда алардын курамы аныкталууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган психотроптук затты мыйзамсыз сатуудан түшүшү мүмкүн болгон кирешенин көлөмү 1,3 млн сомдон ашышы мүмкүн.

Учурда укук коргоо органдары тарабынан психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн эл аралык каналына тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого, ошондой эле мыйзамсыз ишмердүүлүктүн башка фактыларын табууга багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.