МБК менен УКМКнын биргелешкен операциясынын натыйжасында коррупциялык схемага бөгөт коюлду
07.07.20260
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Ички иликтөөлөр башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын УКМКнын Баткен шаары жана Баткен облусу боюнча башкармалыгынын 6-бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында «Баткен» бажысы, Чек ара кызматы жана ветеринардык кызматтын айрым кызматкерлеринин катышуусунда түзүлгөн туруктуу коррупциялык схема аныкталып, документтештирилди.
Аныкталгандай, кармалган кызматкерлер кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, транзиттик жүктөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз калтырууга көмөктөшүү үчүн системалуу түрдө мыйзамсыз акчалай сыйлыктарды алып турушкан.
Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда. Мамлекеттик бажы кызматы коррупцияга жол бербөө саясатын ырааттуу жүргүзүп, ага каршы системалуу күрөш жүргүзүүдө.
Мындан тышкары, кызмат укук коргоо органдары менен биргеликте коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.