МБК Россиядан Кыргызстанга синтетикалык баңгизаттарды таратуучу каналына бөгөт койду
15.09.20260
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте, Россия Федерациясынын укук коргоо жана бажы органдарынын катышуусунда синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз таратуунун эл аралык каналына бөгөт койду.
2026-жылдын июнь айында Бишкек шаарында өткөрүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө 2007-жылы туулган О.А.К. жана 2009-жылы туулган Ж.Ф.Н. аттуу жарандар кармалган.
Россия Федерациясынан жеткирилген бензин мотопомпасын текшерүүдө, анын конструкциялык көңдөйлөрүнөн салмагы 250 грамм болгон «Спайс» психотроптук заты салынган брикет табылган.
О.А.К. жашаган жеринде жүргүзүлгөн издөөнүн учурунда кошумча 3 грамм кристалл түрүндөгү зат жана жалпы салмагы 98 грамм болгон 215 даана «Экстази» таблеткасы, ошондой эле баңгизаттарды жана психотроптук заттарды таңгактоого жана таратууга арналган буюмдар табылып алынган.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган партияны мыйзамсыз сатууда анын баасы 1,5 млн сомдон ашмак. Операциянын натыйжасында 1 700дөн ашык бир жолку дозадагы синтетикалык баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгарылышына бөгөт коюлду.
Учурда каналдын бардык катышуучуларын аныктоого жана баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу башка фактыларды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
.jpeg)