МБК «Торугарт» өткөрүү пунктунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну улантууда

28.10.20260

«Торугарт» өткөрүү пунктунда бажы жол-жоболорун оптималдаштыруу жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер улантылууда.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында жол-жоболордун ырааттуулугу кайра каралып, кайталанган этаптар алынып салынды. Ошондой эле 2026-жылдын июль айында жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын кыймылы үчүн алты тилке пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары, «Интеллектуалдык өткөрүү пункту» (ИӨП) системасы киргизилип, ишке берилди. Система жүк ташуучу унаалардын өткөрүү пунктунун аймагында кыймылын уюштурууга — белгиленген аймакка келген учурдан тартып тиешелүү тилкелерге багыттоого жана өткөрүү пунктунда каралган контролдук иш-чаралардан өтүүгө чейин жардам берет. Бул транспорт агымын бөлүштүрүүгө, кыймыл тилкелерине түшкөн жүктү бир калыпта бөлүштүрүүгө жана айрым тилкелерде унаалардын топтолушун азайтууга мүмкүндүк берет.

Көрүлгөн чаралар өз натыйжасын берүүдө.

Бажы кызматынын маалыматтык системасынын дайындарына ылайык, ташуучуда бардык зарыл документтер болгон учурда «Торугарт» өткөрүү пунктунда мамлекеттик контролдун бардык түрлөрүнөн өтүүгө кеткен орточо убакыт болжол менен 10 мүнөттү түзөт.

Ошол эле учурда «Торугарт» өткөрүү пункту аркылуу өткөн жүк ташуучу унаалардын саны кыйла өстү. Эгерде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында пунктка суткасына орточо 359 жүк ташуучу унаа келсе, октябрь айында бул көрсөткүч 538 унаага жетти. Башкача айтканда, өткөрүү пунктуна түшкөн жүк болжол менен 50% көбөйдү.

Демек, «Торугарт» өткөрүү пункту жүк ташуучу унааларды көбүрөөк өткөрүп, негизги контролдук жол-жоболордон өтүү аз убакытты талап кылууда.

Бардык чаралар контролдук жол-жоболордон өтүү убактысын кыскартууга, кечигүүлөрдү азайтууга жана бажы чек арасы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.