МБК тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары менен өз ара аракеттенүүнү баалоо үчүн сурамжылоо жүргүзүүдө

10.09.20260

2026-жылдын 10-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы органдарынын иши боюнча кайтарым байланыш алуу, көңүл бурууну жана андан ары өркүндөтүүнү талап кылган маселелерди аныктоо максатында тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын арасында сурамжылоо жүргүзүүдө.

Сурамжылоо жашыруун жүргүзүлөт жана 2026-жылдын 20-сентябрына чейин улантылат. Сурамжылоого бажылык жол-жоболоштуруу жүргүзүлгөн жерлерде жайгаштырылган QR-коддор аркылуу катышууга болот.

МБК тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын сурамжылоого активдүү катышууга чакырат. Алынган жыйынтыктар бажы органдары менен тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун баалоодо, көйгөйлүү маселелерди аныктоодо жана бажы кызматынын ишин мындан ары өркүндөтүүдө бизнестин сунуштарын эске алууда пайдаланылат.