МБК укук коргоо органдарынын арасында футзал боюнча турнирде II орунду ээледи

29.06.20260

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын курама командасы 40+ жаш курак категориясында укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында футзал боюнча мелдеште II орунду ээледи.


Турнир 2026-жылдын 27–28-июнунда Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясында өтүп, «Динамо» дене тарбия-спорттук коомунун уюштуруусу менен өткөрүлдү. Жарыш Ырысбек жана Чайке Керимбаев бир туугандардын элесине арналды.


Турнирге Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн 12 командасы катышты.


Мелдештин жеңүүчүсү болуп Ички иштер министрлигине караштуу Күзөт кызматынын командасы табылды. Үчүнчү орунду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын командасы ээледи.