МБКда гендердик саясат маселелери боюнча семинар өттү
25.06.20261
Мамлекеттик бажы кызматында «Бажы кызматындагы гендердик саясат: кызматкерлер үчүн теңчилик, инклюзия жана кесиптик өнүгүү принциптери» деген темада окуу семинары өттү.
Семинардын лектор катары ЕККУ катчылыгынын Гендердик маселелер боюнча WIN программасынын долбоорунун улуттук долбоордук кеңешчиси А. Токтогулова сүйлөдү.
Семинардын жүрүшүндө гендердик теңчилик, басмырлоого жол бербөө принциптери, кызматкерлер үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо, ошондой эле жагымдуу иш чөйрөсүн түзүү жана кесиптик өнүгүү үчүн шарттарды камсыз кылуу маселелери каралды.
Иш-чарага бажы кызматынын 13 кызматкери катышты.

