МБКда кош багыттагы товарларды экспорттук контролдоо боюнча семинар өткөрүлдү

03.06.20260

2026-жылдын 25-майынан 27-майын кошуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы «Кош багыттагы товарларды экспорттук контролдоо жана товарларды идентификациялоо» темасында окутуу семинарын өткөрдү.
Бул иш-чара Германиянын Экономикалык маселелер жана экспорттук контролдоо боюнча федералдык башкармалыгы (BAFA) тарабынан ишке ашырылып жаткан, Борбордук Азиядагы кош багыттагы товарларды экспорттук контролдоо жана курал-жаракты экспорттук контролдоо (COARM) боюнча Европа Биримдигинин P2P программаларынын алкагында уюштурулду.
Семинарга Словения, Улуу Британия жана Литва өлкөлөрүнүн өкүлдөрү эл аралык эксперттер катары катышышты.
Окутуунун негизги максаты - бажы органдарынын кызматкерлеринин кош багыттагы товарларды экспорттук контролдоо жаатындагы квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле аларды идентификациялоо жана классификациялоо боюнча практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү.
Семинардын жүрүшүндө экспорттук контролдоонун эл аралык ыкмалары, контролдоо жүргүзүүчү товарларды классификациялоо, тобокелдиктерди баалоо жана стратегиялык мааниге ээ продукцияларды мыйзамсыз ташып өтүүнүн алдын алуу маселелери каралды. Практикалык сабактарга жана реалдуу учурларды талдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Окутууга Мамлекеттик бажы кызматынын 18 кызматкери катышты.
Мындай иш-чараларды өткөрүү экспорттук контролдун улуттук системасын чыңдоого жана бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.