МБКда радиациялык коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды

15.05.20260

 2026-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында МБКнын төрагасынын орун басары Э.Р.Мамбетжунушева менен Америка Кошмо Штаттарынын Энергетика министрлигинин / Ядролук коопсуздук боюнча улуттук администрациясынын “Ядролук материалдардын контрабандасын аныктоо жана бөгөт коюу” программасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушууда радиациялык көзөмөл жаатындагы учурдагы жана келечектеги кызматташтык, бажы органдарынын кызматкерлери үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү тренингдерди уюштуруу, ошондой эле 2026-жылдын III чейрегинде Кыргызстандын өнөктөш уюмдары үчүн “Жумуш ордунда окутуунун негиздери” аттуу тренингди өткөрүү пландары талкууланды.


Тараптар радиациялык коопсуздук жаатындагы жана ядролук жана радиоактивдүү материалдардын мыйзамсыз ташылышына каршы күрөшүү багытындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырасташты.