МБКнын кадрлар резервине кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө буйруктар

28.10.20260

Кыргыз Республикасынын «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтому менен бекитилген Укук коргоо органдарында конкурс өткөрүүнүн жана кадрлар резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 37-пунктунун биринчи абзацына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кадрлар резервине төмөнкү Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилди:

  1. Кудайбергенов Дастан Максатович — Россиянын Бажы академиясынын бүтүрүүчүсү.
  2. Калдарбеков Нурсеит Русланович — Россиянын Бажы академиясынын бүтүрүүчүсү.
  3. Санатбек уулу Арис — Россиянын Бажы академиясынын бүтүрүүчүсү.
  4. Кожоев Амангельды Турсунбекович.

Мындан тышкары, аталган Жобонун 39-пунктунун тогузунчу абзацына ылайык, МБКнын буйругу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кадрлар резервинен төмөнкү жарандар чыгарылды:

  1. Мирсейит уулу Сымбат.
  2. Байгазиев Султанбек Кубанычович.