МБКнын кинологу КМШнын бажы кызматтарынын мелдешинде байгелүү орундарды ээледи
04.09.20260
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген окутуу бажысынын Кинологиялык даярдоо бөлүмүнүн улук инспектору Наталья Гладкова «Фрея» аттуу кызматтык ити менен КМШга мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын кинологиялык бөлүмдөрүнүн арасында өткөн көп түрдүүлүк боюнча XIV мелдеште үч байгелүү орунду ээледи.
Мелдештер 2026-жылдын 24–28-август күндөрү Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп, ага Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын жана Беларусиянын бажы кызматтарынын өкүлдөрү катышты.
Мелдештин жыйынтыгында Наталья Гладкова «Жүктөн баңгизат каражаттарын издөө» номинациясында 2-орунга, «Жеңил автотранспорттон баңгизат каражаттарын издөө» номинациясында 3-орунга, ошондой эле жалпы жеке эсепте 2-орунга ээ болду.
Иш-чаранын алкагында «Бажы органдарынын ишмердигинде кызматтык иттерди колдонуу» темасында семинар өтүп, анда катышуучулар кесиптик тажрыйбалары жана кызматтык иттерди даярдоонун заманбап ыкмалары менен бөлүшүштү.


