МБКнын төрагасы менен АКШнын Элчиси бажы тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты
10.07.20260
10-июлда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында МБКнын төрагасы А.А. Салиев менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Л. Вигеринин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы бажы тармагындагы кызматташуунун келечеги, анын ичинде ядролук, радиоактивдүү жана башка тыюу салынган материалдарды мыйзамсыз ташып өтүүгө каршы аракеттенүү боюнча программаларды кайра жандандыруу маселелери талкууланды.
Ошондой эле тараптар бажы кызматтарынын ортосунда түз кызматташууну жолго коюу, маалымат алмашуу, өз ара укуктук жана административдик жардам көрсөтүү механизмдерин өркүндөтүү, тобокелдиктерди башкаруу системаларын өнүктүрүү, бажы тармагын санариптештирүү, кадрларды даярдоо жана эл аралык жеткирүү чынжырларынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин карашты.
АКШнын Элчисине Мамлекеттик бажы кызматынын заманбап санариптик чечимдери, анын ичинде негизги бажы процесстерин автоматташтырган маалыматтык системалар жана Кырдаал борбордун мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бажылык администрациялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга жана эл аралык коопсуздукту чыңдоого багытталган практикалык кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.
.jpeg)
.jpeg)


.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)
