«Нарын» бажысында коррупциянын алдын алуу маселелери талкууланды

11.06.20260

«Нарын» бажысында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Мамлекеттик бажы кызматынын Ички иликтөөлөр башкармалыгынын кызматкерлери «Нарын» бажысынын кызматкерлери менен коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын сактоо, кесиптик этика жана кызматтык тартип маселелерин талкуулашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана кызматтык милдеттерди ак ниеттүү аткаруу принциптерин бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ачык-айкындуулук жана жеке жоопкерчилик натыйжалуу мамлекеттик кызматтын пайдубалы экени баса белгиленди.

Видеону көрүү үчүн басыңыз