Натыйжалуу иштөө үчүн жаңы билимдер: Мамлекеттик бажы кызматында окутуу семинарлары өткөрүлдү

29.04.20250

2025-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин кесиптик квалификациясын жогорулатуу максатында бажы контролу, товарларды чыгаруунун технологиясы жана жашырылган жерлерди аныктоо боюнча эки окутуу семинары өткөрүлдү.

Биринчи семинар 7-9-апрель күндөрү Ош бажысында, экинчиси 21-23-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы Адистештирилген окутуу бажысында өткөрүлдү. Семинар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өттү.

Программаны тажрыйбалуу адистер, анын ичинде бажы кызматынын ардагерлери алып барышты.

Катышуучулар заманбап формаларды жана ыкмаларды колдонуу менен бажы контролун жүзөгө ашырууда, ошондой эле товарлардын кирүүсүнө, чыгуусуна жана чыгарылышына байланыштуу операцияларды жүргүзүүдө зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү тереңдетишти.


Окутууда төмөнкүлөргө өзгөчө көңүл бурулду:

• товарларды бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз алып өтүүдө колдонулган жашыруу жайларды аныктоо ыкмалары;

• эл аралык ИНКОТЕРМС эрежелерине ылайык жеткирүү шарттарын колдонуу;

 • бажы алымдарын эсептөө жана төлөө принциптери.

Ар бир семинардын жыйынтыгында тестирлөө жүргүзүлүп, 36 бажы кызматкери сертификаттарга ээ болушту.