Некролог

30.04.20260

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жамааты бажы кызматынын ардагери, отставкадагы бажы кызматынын подполковниги Джанибеков Бакытбек Джээнбековичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Джанибеков Бакытбек Джээнбекович 1968-жылдын 25-апрелинде туулган.

1992-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун «Тарых» адистиги боюнча, ал эми 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Кыргыз Республикасынын бажы органдарында 1993-жылдан 2023-жылга чейин ар түрдүү кызматтарда эмгектенген.

Кызмат өтөгөн жылдары өзүн сабаттуу, принципиалдуу, жоопкерчиликтүү жана ишине берилген кызматкер катары көрсөтө алган. Кесиптештеринин жана жетекчиликтин арасында чоң урмат-сыйга ээ болгон.

Джанибеков Бакытбек Джээнбекович тууралуу жаркын элес аны тааныган жана бирге эмгектенген адамдардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.