Россия бажы академиясында Кыргызстандан барган бүтүрүүчүлөр мыкты чет өлкөлүк студенттер деп табылды

28.07.20260

Россия бажы академиясында (Санкт-Петербург шаары) салтанаттуу түрдө жогорку билим берүү программалары боюнча бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу аземи өттү. Бүтүрүүчүлөрдүн арасында Кыргыз Республикасынын 8 жараны бар. Окуудагы жетишкендиктери, илимий жана коомдук ишмердүүлүгү боюнча жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыгында «Мыкты чет өлкөлүк студент» номинациясында Таалайбеков Эмир Таалайбекович жана Касымов Аскат Сатымкулович байгелүү орундарды ээлешти. Мындан тышкары, Эмир Таалайбеков Бажы иши факультетин артыкчылык диплому менен аяктады.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү бүтүрүүчүлөрдү окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, алардын жетишкендиктери келечектеги адистердин жогорку деңгээлде даярдалгандыгын айгинелеп, өлкөнүн бажы кызматын өнүктүрүүгө кошулган маанилүү салым экенин белгилешти.