«Түндүк-Чыгыш» бажысы бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныктады

02.10.20260

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери бажылык контролдоо жүргүзүүдө бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты.

Кыргыз Республикасынын жараны «И.Р.А.»нын дарегине Корея Республикасынан «Кант» убактылуу сактоо кампасына автотранспорт каражаты келген.

Коштоочу документтерге ылайык, бажылык тариздөөгө 2026-жылы чыгарылган BMW iX1 үлгүсүндөгү транспорт каражаты көрсөтүлгөн. Бирок бажылык контролдоо учурунда иш жүзүндө BMW X3 үлгүсүндөгү транспорт каражаты келгени аныкталган.

Төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 390 402 сомду түзгөн.

Иштин материалдары каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык андан ары кароо үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 2 780 806 сом өндүрүлүп, бул келтирилген зыяндын эки эселенген өлчөмүн түздү.