«Түндүк-Чыгыш» бажысында тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары менен жыйын өткөрүлдү
11.06.20260
«Түндүк-Чыгыш» бажысында тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары жана бажы операциялары боюнча адистердин катышуусунда Консультативдик кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйындын негизги максаты — бажы операцияларын жүргүзүүдө келип чыккан актуалдуу маселелерди талкуулоо, ошондой эле бажы органдары менен тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү болду.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар товарларды бажылык тариздөөнүн практикалык аспектилерин, бажы мыйзамдарынын нормаларын колдонуу маселелерин, документтерди электрондук форматта берүү тартибин жана бажы көзөмөлүн жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн карап чыгышты.
Жыйындын соңунда тараптар мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Бул ачык диалогду камсыз кылууга, келип чыккан маселелерди өз убагында чечүүгө жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.