«Түндүк» темир жол бажысы жана ИИМдин БЗМЖККК ири өлчөмдөгү синтетикалык баңги затын — 1 килограммдан ашуун «экстазини» аныктады
11.06.20250
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Түндүк» темир жол бажысынын Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте синтетикалык баңги заттарды таратууга тиешеси бар нарко тобун кармашты.
Операциянын жүрүшүндө кылмыштуу топтун эки мүчөсү — 2003-жылы туулган жаран А.Б.К. (жөнөтмөнүн алуучусу) жана 2003-жылы туулган баңги топтуун мүчөсү А.А.Б. кармалды. Аларда жалпы салмагы 1 килограмм 100 граммды түзгөн МДМА («экстази») синтетикалык баңги заты табылып, алынган. Алдын ала баалоо боюнча, алынган заттын базардагы баасы болжол менен 60 000 АКШ долларын түзөт.
Мындан тышкары, кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү — 1996-жылы туулган А.А.Б. аныкталган. Ал кармалган жарандардын бирөөсүнүн агасы болуп саналат. Учурда ал тергөөдөн жашынып жүрөт.
Кармалгандар Бишкек шаарындагы ТИЗО-1ге киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.